"Ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу боюнча документке кол койду. Бул тууралуу 4-мартта президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин КР Куралдуу күчтөрүн башкаруу системин реформалоо маселеси боюнча 2013-жылдын 5-июлундагы №4-чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” КРнын мыйзамынын ченемдерин Куралдуу күчтөрдү башкаруунун системин реформалоонун негизги багыттарына шайкеш келтирүү кабыл алынган мыйзамдын милдеттеринин бири болуп эсептелет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан