Президент Алмазбек Атамбаев ЖОЖдор боюнча көз карандысыз аккредитация жүргүзүүнү эрте деп эсептейт

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиевдин айтымында, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ЖОЖдор боюнча көз карандысыз аккредитациялоо жүргүзүүнү эрте жана бир беткей жыйынтык чыгарууга алып келет деп эсептейт. Бул тууралуу ал парламенттин комитеттик жыйынында билдирди. Бул пикирге кошулбаган депутат Наталья Никитенко: "Бул маселе узак убакыт талкууланган болчу. Эл аралык тажрыйбада, Казакстан менен Орусияда мындай көз карандысыз аккредитациялоо процессинин киргизилгенине көп болгон. Президенттин каршы болгондугу мени таң калтырды",- деди. Тиешелүү маселенин мыйзам долбооруна ылайык, ЖОЖдор боюнча көз карандысыз аккредитация жүргүзүү быйылкы жылы сыноо иретинде башталмак.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан