Жогорку Кеңеште 4-мартта “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жазык-аткаруу кызматынын маалыматына таянсак, жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде иштеген кызматкерлерди тандоо зарылдыгы чыгууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, орто жана кенже кызматтагы кызматкер келишим менен ишке алынганда аскерде милдет өтөп, курагы 30 жаштан, ал эми 5 жылдан көп иш тажрыйбасы болсо, 35 жаштан ашпоого тийиш.