КРнын Социалдык фонду былтыр үнөмдөлүп калган 20 миллион сомду фонддун өзүнө эле калтырууну суранууда

Социалдык фонд 2012-жылы үнөмдөлүп калган 20 миллион сомду фонддун өзүнө эле калтырууну суранууда.

Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 

Айтымында, 20 миллион сом каражатты аталган мекеменин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу жана тиешелүү имараттарын калыбына келтирүүгө, ошондой эле социалдык багытындагы маселелерди чечүүгө жумшаса болот.

"Жалпы камсыздандыруу мүчө төлөмүнөн түшкөн каражаттын 3 пайызы административдик чыгымдарга жумшалат. Калган каражатты Каржы министрлиги өзүнө алууну пландоодо. Бул акчаны бизге бөлүп берип, 2013-жылдын бюджетине киргизүүнү өтүнөбүз",- деди Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан