Кыргыз мамлекетинде учурда 181 спорттук жай (имараттар, курулмалар, спорттук аянтчалар, курулушу аяктай элек имараттар) бар. Бул тууралуу 4-мартта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти. Мунун ичинен 61 объект мамлекеттик, 114ү муниципалдык, 6сы жеке менчикте. "Жогорку Кеңештин тийиштүү токтомунун алкагында Башкы прокуратура тарабынан спорттук жайларды жеке колдонууга өткөрүүнүн мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Эгер мыйзам бузуу фактылары аныкталса, андагы объекттер мамлекетке кайтарылат",- деп айтылат маалыматта.
Аталган фонд бул жаатта биргеликте кызматташуу сунушу менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине кайрылганы айтылды.