2025-жылга чейин Бишкек шаарынын жалпы аянты 25 800 гектарга чейин кеңеет. Бул маалыматты бүгүн, 12-февралда ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынынын жүрүшүндө Бишкек башкы архитектурасынын бөлүм башчысы Жыргалбек Асаналиев билдирди. Анын айтымында, учурда борбор шаардын аянты 16 500 гектарды түзөт. 2025-жылга чейин шаар батышка жана чыгышка карай – Сокулук районундагы Новопавловка айылынан Аламүдүн районундагы Лебединовка айылына чейин кеңеет.