Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырды.
Жазык-аткаруу кызматынын берген маалыматына караганда, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринде иштеген кызматкерлерди тандоо зарылдыгы бар. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, орто жана кенже кызматтагы кызматкер келишим менен ишке алынганда аскерде милдет өтөп, курагы 30 жаштан, ал эми 5 жылдан көп иш тажрыйбасы болсо, 35 жаштан ашпоого тийиш.