Жоомарт Оторбаев Башкортостандын президенти менен жолугушту

Бишкекте бүгүн, 4-мартта өкмөт жетекчиси Жоомарт Оторбаев менен Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов жолугушту. Кыргыз мамлекети Орусиянын аймактары менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айткан Оторбаев учурда кыргыз мамлекети менен Башкортостандын мамилеси олуттуу мүнөзгө ээ экенин билдирди. Жолугушууда Бишкекте бүгүн ачылган Башкортостандын Илим жана маданият күндөрү тууралуу пикир алышуу болду. Премьер-министр 2014-жылдын күз айынан бери өлкөгө Башкортостан өкмөтүнүн эки өкүлү, ишкерлер делегациясы келип кеткенин белгилеп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан