Ысык-Көл облусунда 2013-жылы мектепке чейинки 7 мекеме куруу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Айтымында, алардын ичинен Ак-Суу районунун Орленное, Отрадное жана Шапак айылдарына 3 бала бакча ачылат. Мындан сырткары Каракол шаарындагы №14 жана №8-орто мектептеринин базасында бирден бала бакча уюштуруу болжолдонууда. Ошондой эле бүгүнкү күндө Ысык-Көл районунун Кашат жана Кара-Ой айылдарында 2 бала бакчанын курулуш иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, облуста учурда 57 мектепке чейинки мекеме бар, анда
6 миң 600дөй бала тарбияланууда.