Президент Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин мааракесине 100 миң сом бөлдү

Бүгүн, 4-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдыманап Примбердиевдин 100 жылдык мааракесине 100 миң сом бөлдү. Акчаны президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев тапшырганын президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Нарымбаев мамлекет башчынын атынан 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага бекем ден соолук каалады. Ардагер президентке материалдык колдоо көрсөтүп, көңүл бурганы үчүн ыраазычылыгын айтты. Учурда анын 8 баласы, 36 небереси, 79 чөбөрөсү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан