Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган кыргыз мамлекетинин делегациясы бүгүн, 4-мартта чек ара маселеси боюнча Тажикстанга учуп кетти. Делегация кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышат.
Комиссия отуруму 4-7-март күндөрү өтүп, анда өлкөлөр ортосундагы тактала элек чек ара тилкелери боюнча укуктук маселелер талкууланарын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.