Өмүрбек Абдрахманов: "Бишкек мэринин шаардагы коррупциялык иштерге каршылык көрсөтүүгө алы жетпейт"

Бүгүн, 12-февралда ЖКда “Бишкек жана Ош шаарларынын макамы тууралуу” мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу болду. Ага ЖКнын депутаттары, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү, мамлекеттк бюджет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Талкуу учурунда депутат Өмүрбек Абдрахманов Бишкек шаарынын мэрин шайлоо маселесине токтолду.

“Бишкекте коррупция гүлдөп кетти. Мэрдин буга каршылык көрсөткөнгө алы жетпейт, себеби ар кандай министрликтерден буйруктар келет” деди ал. Ал эми депутаттар Равшан Жээнбеков менен Дастан Бекешев да бул ойду кубатташты. Алардын айтымында, Бишкек мэрин шаар тургундары өздөрү шайлап алышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан