Талас облустук администрациясы "Жер-Үй" кенин ишке киргизүү менен 2000 жаңы иш ордун түзүүнү пландоодо
Талас облустук администрациясы аймактагы "Жер-Үй" кенин ишке киргизүү менен 2000 жаңы иш ордун түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу Талас облусунун башчысы Койсун Курманалиеванын 2015-жылкы иш планында жазылган. Документке таянсак, аталган кенди 2015-жылдын 1-октябрына чейин ишке киргизүү күтүлүп жатат. Мындан тышкары быйылкы жылдын 1-июлуна чейин Талас
районунун И.Осмонкулов айыл өкмөтүндө жана Суусамыр жайлоосунда
сүттү сактоого өндүрүштүк муздаткычтар орнотулмакчы. Облус аймагына 200 миң бак-дарак көчөттөрү отургузула турганы айтылат документте.