Жогорку Кеңештин депутаттары Курмантай Абдиев менен Майрамбек Расулов Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгарып жиберүү механизми боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Документтин негиздеме-маалым катында төмөнкүлөр айтылат:
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгарып жиберүүнүн мыйзамдык негиздери жана аларды чыгып кетүүгө жана чыгарып жиберүүгө көрсөтмөлөрүн берүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамдары так жана толук аныкталбагандыктан, мыйзам өз максатына жетпей келген.
"Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен мыйзамдарды бузгандарды өлкөдөн чыгарып жиберүүнүн мыйзамдуу механизмдери иштелип чыкса, кыйла натыйжалуу болмок. Андан сырткары мыйзамдын кыргыз тилиндеги тексти менен расмий тилдеги тексттери шайкеш келбей, айырмачылыктар орун алган.
Ошондуктан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгарып жиберүү үчүн “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамында каралган негиздерди толуктоо үчүн аталган мыйзамдын 19-беренесине өзгөртүүлөр жана редакциялык жактан толуктоолор киргизилип жатат.