Башкы прокуратура Аида Салянова жетектеген партиянын өкүлү Расул Умбеталиевди суракка алды

Экс-прокурор Аида Салянова жетектеген "Күчтүү Кыргызстан" саясий партиясынын өкүлү Расул Умбеталиев 28-февралда Башкы прокуратурада суракка алынды. Бул тууралуу Умбеталиев бүгүн, 4-мартта журналисттерге билдирди. Анын суракка алынышы "Аида Салянованын кызматтан кетишинин негизги себеби, ал башкы прокурор болуп турганда президенттин айланасындагы чиновниктерге кылмыш ишин козгоо боюнча документтерди даярдаган" деп билдиргени себеп болгон. "28-февралда башкы прокурор Индира Жолдубаева чакырып, "Президенттин айланасындагы чиновниктердин кимисин айтып жатасыз?" деп суроо берди. Мен жеке президенттин жанындагы эмес, премьер-министрдин жана министрлердин тегерегинде тиешелүү материалдар бар экенин айттым, эгерде мен мыйзам бузган болсом камашсын, мен баарына даярмын. Бирок мыйзам бузган жокмун. Жеке президенттин айланасында дегеним, өкмөт тарабынан саясий кызматтарга көрсөтүлүп, Жогорку Кеңеш жактыргандан кийин президент кол коюп жатпайбы. Демек, ал чиновниктер президенттин айланасындагылар. Башкы прокурор ал материалдарды көрсөтүүнү өтүндү, бирок мен муну азырынча эрте деп эсептейм",- деди Умбеталиев. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев 2-мартта Расул Умбеталиевдин маалыматын дыкат иликтеп чыгуу боюнча башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырма берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан