Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков бүгүн, 4-мартта Кемин жана Түп райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту.
Төрага мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана өлкөдөгү парламенттик демократияны өнүктүрүү, экономиканы алга жылдырууга багытталган реформалар, диний кырдаалды жөнгө салуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жана алдыдагы парламенттик шайлоолорго токтолгон Жээнбеков бийликтин алмашуусу таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү аркылуу жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. “Бийликтин бирден-бир булагы жана ээси – кыргыз мамлекетинин эли, андыктан жалпы эл өз тандоосун жасашы керек”,- дейт төрага.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттары таза суу көйгөйү, жер тилкелерин турак жай курууга трансформациялоо, ички жолдордун абалын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу, айыл өкмөттөрү менен райондорду ирилештирүү маселелерин көтөрүштү.
Жолугушууда министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине жергиликтүү кеңештердин депутаттары көтөргөн маселелер боюнча тапшырмалар берилгенин билдирет ЖКнын маалымат кызматы.