15-февралда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын «Ак-Суу» калыбына келтирүү бөлүмүнүн жаңыланган имаратынын ачылыш аземи болуп өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бул бөлүмдө нерв оорусу менен жабыркагандар, кол-буттун шал оорусунан жапа чеккен балдар дарыланат. Учурда бөлүмдө 50 адамга ылайыкталган орун бар жана 2012-жылы 2 миңдей адамга жардам көрсөткөн.