Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 3-мартта көчмө жыйын өткөрүп, "Кумтөр" кениндеги иштин абалы менен таанышты. Аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев: "Бийик тоодогу көлдөр менен мөңгүлөр кыргыз мамлекетинин баа жеткис байлыгы экени талашсыз, биз аларды сактап калышыбыз керек. Бул жолу алтын кениндеги тобокелчиликтер жаатында толук кабар алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү",- деп билдирди. Анын пикиринде, учурда кендин аймагынан уулуу заттар агып чыккан жок жана бардык техникалык коопсуздук талаптары сакталууда.
Кыргыз өкмөтү "Центерра" компаниясы менен экологиялык зыяндардын ордун толтуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүшү керектигин белгилеген депутат буларды кошумчалады: "Келечектеги келишимге кол коюлуп жатканда кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы ишенимдүү корголушу зарыл. Биздин өкүлдөр каржы агымын катуу көзөмөлгө алып, каражаттын уурдалышына жол бербөөгө тийиш".