Алмазбек Атамбаев Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов менен жолугушту

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 4-мартта Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов менен жолугушту. Жолугушууда мамлекет башчылары түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кыргыз-башкыр мамилелеринин ыкчам өнүгүүсүн, маданий байланыштардын активдешүүсүн белгилешти. Алмазбек Атамбаев элдер ортосундагы маданий-тарыхый байланыштарды эске алып, Орусиянын аймактары менен түздөн-түз байланышууну жөнгө салуунун маанилүүлүгүн билдирди.

Рустэм Хамитов: “Биздин ишкерлерибиздин өз ара мамилелеринде ай сайын кызыктуу жакшы окуялар болуп турат, кыргыз мамлекети менен Башкортостандын ортосунда дайыма алмашуу жүрүп турат. Ал эми искусство, маданият, илим жаатын бекемдөө – бул түпкү негиз",- деп билдирди.

Тараптар кыргыз мамлекетинин Евразия экономикалык союзуна кошулуусу тууралуу да пикир алышышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан