Валерий Диль "КЭЧ-2" буу казанынын ачылышына катышты

Вице-премьер-министр Валерий Диль 4-мартта Бишкек шаарындагы "КЭЧ-2" буу казанынын ачылышына катышты. Өкмөт өкүлү бул жайды реконструкциялоонун алкагында суу ысытуучу 3 от казан жана жылуулук берүүчү заманбап систем орнотулганын, көмүр жана көмүрдүн калдыгын сактоочу жабык кампа курулганын айтты. "Биз тармакта заманбап технологияларды жайылтуу боюнча күчтөнүп иштеп жатабыз. Мындай долбоорлордун катарында "Электрондук өкмөт" жана "Коопсуз шаар" долбоорлору бар",- дейт Диль.
Буу казандын ачылышына шаар башчысы Кубанычбек Кулматов да катышканын өкмөттөн билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан