Кыргыз мамлекетинде 2545тей сатып алуучу уюм болсо, мунун ичинде тендер өткөрбөстөн бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонгондор да бар. Анткени алардын чыгымдары минималдуу чектик суммадан: 500 000 сомдон ашпайт. Бул тууралуу 4-мартта Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев билдирди.
Департамент башчысы былтыркы мамлекеттик сатып алуулар тууралуу билдирди. Анын билдиришинче, 2014-жылы сатып алуучу уюмдар тарабынан берилген сатып алуулардын протоколдору боюнча 18 миллиард 6 миллион сомго 4815 тендер өткөрүлгөн. Анын ичинен мамлекеттик мекемелер тарабынан 7,6 миллиард сомго 2533 тендер, ачык акционердик коомдор жана мамлекеттик ишканалар тарабынан 8,4 миллиард сомго 1170 тендер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 2,5 миллиард сомго 1112 тендер өткөрүлгөн.