Парламентте Орусиядагы кыргыздарды "кара тизмеге" киргизүүнү токтотуу зарылдыгы айтылды

Бүгүн, 5-мартта парламент жыйынында Орусиядагы кыргыз мамлекетинин мигранттарын "кара тизмеге" киргизүүнү токтотуу маселеси көтөрүлдү. Депутат Бакыт Төрөбаев мигранттарды "кара тизмеден" мунапыс аркылуу бошотуу керектигин айтты.

"2013-жылы "кара тизмеге" 55 миң мекендешибиз киргизилген. 2014-жылы бул көрсөткүч 100 миңге жеткен. Алар эми 5 жыл ичинде Орусиянын аймагына кире алышпайт. Алардын саны 200-300 миңге чыгып кетсе эмне болот? Аларды кыргыз жеринде иш менен камсыздай албайбыз. Жакында Евразиялык экономикалык биримдикке киребиз. Аталган маселени так коюп, чечиш керек",- деп билдирди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан