Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында аарычылардын маселеси көтөрүлдү. Депутат Мирлан Бакиров аарычыларга мамлекет тарабынан салынган пландын көтөрүлүп жатышына аарычылар нааразы экенин билдирип, буга өкмөт көңүл бурушу керектигин айтты.
"Буга чейин аарычылардын 1 бал челегине план 5 килограмм (бал) болсо, азыр аны 10 килограмм кылганы жатышат. Союз кезинде аарычылардын минген атынан баштап майда-чүйдөсүнө чейин мамлекет камсыздап берчү. Ошол
убакта деле план 5 килограмм болчу. Токой чарба агенттиги "Токтогулда 1,5 миң сомдон бал челек жасап
жатабыз, ошондон алышсын" деп жатат. Бал челекти коюу менен эле анын ичине бал толуп кетпейт, климат, экология өзгөрүүдө, тоодо мурункудай гүл жок",- деп билдирди Бакиров.