Токмоктогу "Себат" лицейинин 57 окуучусу быштактан табылган стафилококктун таякчаларынан ууланганы аныкталды

Токмоктогу түрк лицейинин 57 окуучусу быштактан табылган стафилококктун таякчаларынан ууланганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта парламент жыйынында атайын комиссиянын корутундусуна таянып депутат Эркин Сакебаев билдирди.

"Бул окуу жайда 345 бала окуйт, күнүнө 4 жолу тамактанышат. 20-февралда балдарга быштак берилген. Ошол күнү саат 11:00 чамасында 57 бала кусуп, айрымдары Токмоктогу ооруканага жеткирилишкен. Текшерүүлөр жүргүзүлгөндө бир топ талап бузуулар болгону аныкталды. Булар: ашкананын санитардык-гигиеналык абалы начар, мүлк-шаймандарда белгилер коюлган эмес, иче турган суудан ичеги таякчасы табылган. Натыйжада комиссия 4 протокол түздү. Учурда аталган окуу жай убактылуу иштебей турат",- деп билдирди депутат.

Маалымат үчүн: Стафилококк таякчасы көпчүлүк учурда булганган кондитер (кремдүү) азыктарды, таттуу быштактарды жана башкаларды жегенден кийин пайда болот. Тамак-ашка стафилококктор көбүнчө чыйкан, теринин ириңдүү оорусу, ангина, ларингит, бронхит жана башка илдеттер менен жабыркаган кишилерден (ашпозчу, кондитер жана башкалар) жугат. Сүттүн стафилококк микробдору менен булгануусу уйдун эмчегинин ириңдеп, сезгенип оорушунан болушу мүмкүн. Стафилококктон ууланууда оорунун жашыруун мезгили 2-3 сааттан ашпайт. Бейтап өзүн жаман сезип, кемирчектин асты ооруп, окшуп, кусат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан