Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында депутаттар мамлекеттик кызматкерлерди тез-тезден ишембиликке чыгарууну сунушташууда. Депутат Тынчтык Шайназаров мамкызматкерлерди ишембиликке чыгууга милдеттендирүү боюнча өкмөттүн тийиштүү токтому чыгышы керектигин айтат.
"Укук коргоо кызматкерлерин да ишембиликке чыгаруу зарыл. Формалдуу түрдө бир жылда бир жолу масштабдуу ишембилик өтөт, муну менен маселе чечилип калбайт. Аким, мэрлерди милдеттендирели, алар ишембиликке чыгуу боюнча мекмелерди бөлүштүрүп коюшсун. Бизде
100 миңдеген мамлекеттик кызматкерлер бар, алар бат-баттан ишембиликке чыгышса, көптөгөн таштандыдан арылмакпыз",- дейт депутат.