Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги 21-сессиясында 8 негизги жана 4 кошумча маселе каралууда. Мэриядан кабарлашкандай, алгач Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылга карата түзүлгөн перспективдүү планын бекитүү маселеси талкууга алынып, депутаттар тарабынан бекитилип берилди. Бул маселеде муниципалдык жерлерди сатууга тыюу салуу, башкача айтканда, мораторий жарыялоо сунушуна, депутаттар социалдык объекттерди жана көп кабаттуу үй курууга ниеттенген инвесторлорго бул мораторий колдонулбайт деген чечимге келишти. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Айтакалов: “Жалал-Абад шаарында сатуу үчүн жер калбай деле калды. Бирок муниципалдык жерге социалдык объект жана көп кабаттуу үй курууга кызыкдар тараптар болсо, биз аларга шарт түзүп беришибиз керек”,- деди. Өтүп жаткан сессияга 31 депутаттан 28 депутат катышууда.