"Бишкекте 377 тарыхый жана маданий эстеликтер бар" деп билдирди бүгүн, 12-февралда ЖКда "Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча өткөн парламенттик угууда Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов. Айтымында, Бишкекте мамлекеттик маанидеги 128 эстелик бар. Ал эми Ош шаарында 18 тарыхый жана маданий эстелик жайгашса, алардын ичинен 8 эстелик мамлекеттик маанидеги эстеликтер. “Бишкектеги эстеликтердин 30 пайызы оңдоого муктаж болсо, Ош шаарындагы эстеликтердин 20 пайызын оңдош керек. "Бишкек жана Ош шаарынын макамы жөнүндө" мыйзам долбооруна тарыхый жана маданий эстеликтерди оңдоого жумшалчу каражат жергиликтүү бюджеттен каралашы керек деген түзөтүү киргизүү керек",- деди Жунусов.