Асылбек Жээнбеков мигранттарды "кара тизмеден" чыгаруу тууралуу пикирин айтты

Бүгүн, 5-мартта парламент жыйынында Орусиядагы кыргыз мигранттарына байланышкан маселе боюнча төрага Асылбек Жээнбеков пикирин билдирди. "Мигранттар боюнча Жогорку Кеңеш, өкмөт жакшы эле иштерди жүргүзүп жатат. Ооба, кемчиликтер бар, мисалы, "кара тизме" боюнча. Орусиянын кыргыз жериндеги элчилиги жардам берет. Элчи өзү да айткан, эгер мигранттардын олуттуу кылмыштарга катыштыгы жок болсо, тизмеден чыгарууга жардам берет. Уюшкан кылмыш топторунун аракеттери боюнча айтсам, Орусияда ИИМдин өкүлчүлүктөрү бар. Бул багытта кыргыз тарап жумуш жүргүзүп жатат. Эгер арыздар көп болсо, өкүлчүлүктү көбөйтүүнү демилгелейбиз",- деди төрага. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан