"Өткөн жылы 1 миллион 300 миң тонна картошка эгилген, кыргыз-тажик чек арасы жабык болуп, баасы арзан болду" дейт министр

Картошкага болгон баа май айында өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта маалымат жыйынында КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдирди.

"Былтыр 2013-жылга караганда 100 миң тонна картошка аз өндүрүлгөн. Өлкө аймагында жалпы 1 миллион 300 миң тонна картошка эгилген. Тажикстандын чек арасы 3 ай жабык тургандыгына байланыштуу былтыр картошканын баасы аябай түшүп кеткен. Кийин чек ара ачылганда картошканын 1 килограммы 50 сомго чыккан. Эгер май айларында Казакстандын чек арасы ачылса, картошкага болгон баа кескин өсүшү мүмкүн. Ал эми учурда базарда картошканын 1 килограммы 22 сом болуп жатса, дыйкандар аны 25 сомдон саткысы келүүдө",- деди Т.Айдаралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан