Максат Сабиров "Кумтөр" маселеси боюнча канадалык эмес, өзүбүздүн аткаминерлерди жазалаш керек" деди

"Кумтөр" боюнча 1992-жылдан берки келишимдерге катыштыгы бар аткаминерлерди жоопко тартуу керек. Мындай пикирди депутат Максат Сабиров бүгүн, 12-февралда ЖКнын 3 комитетинин биргелешкен жыйынында «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиясынын отчётун угуу маалында билдирди. Анын айтымында, кыргыз аткаминерлери мыйзамды тебелегендиктен, "Кумтөр" маселеси талашка түшүп жатат. “Кумтөр" маселеси боюнча мыйзамды бузган канадалык эмес, өзүбүздүн чиновниктердин фамилияларын атап, аларды жазага тартуу үчүн Башкы прокуратурага сунуш берүү зарыл”,- деди эл өкүлү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан