Бүгүн, 5-мартта парламент ишкерлер арасында атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана монополиялык ишти чектөө боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.
Бул долбоордун негиздеме-маалым катына ылайык, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамынын айрым беренелери өзгөртүлмөкчү же толукталмакчы. Мисалы, ыңгайлуу уюштуруучулук жана экономикалык шарттарды ишкерлер арасында таза атаандашууну мамлекет монополисттик иш жана рынокто атаандаштыкты чектеген көрүнүштөргө тыюу салуусу менен түзүү зарыл, ошондуктан 15-берене жаңы абзац менен толукталууда.