Кыргыз жеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата “Эскерүү эстафетасы” жана “Жашыл толкун” акциялары өтөт. Бүгүн, 5-мартта акцияларды
өткөрүүгө даярдыктар боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду. Жыйында депутат
Курмантай Абдиев парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитети Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо
маселесин талкуулап чыкканын, анда көптөгөн сунуш-пикирлер
берилгендигин айтты.
“Биз көчөт отургузууну сунуштап жатабыз, бул ишти
салтка айлантуубуз керек. Муну менен шаарды жашылдандырууга дагы салым
кошобуз”,- дейт депутат.
Согуштун жана ооруктун,
куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдардын ардагерлер уюмунун төрагасы Тарас
Токомбаев мындай иш-чараларга жаштардын жигердүү катышуусун колдоду. “Бул
эң башкысы, анткени дал ушул жаштар жеңиштин мураскерлери болуп саналат. Мен
аталган акциялар бардык майрамдардын башы болуп, жогорку деңгээлдеги
уюшкандыкта өтөрүнө ишенем”,- деди Токомбаев.