Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 12-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак анклавынан келген тургундарды кабыл алды. Жолугушууда аталган айылдын өкүлдөрү жергиликтүү калктын көйгөйлөрү жана кыйынчылыктары тууралуу айтып беришти. Алар электр жарыгын берүүдөгү үзгүлтүктөр, азык-түлүктүн, дары-дармектин жетишсиздигин белгилешти. Ал эми төрага ушул жылдын январь айында Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, өкмөткө чек ара маселелерин, анын ичинде Барак айылынын тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган бир катар тапшырмалар берилгенин айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында Жээнбеков Барак айылындагы көйгөй боюнча жакында депутаттык комиссия түзүлө тургандыгын маалымдады.