Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2014-жылы мамлекеттик мекемелерди ижарага берүүдөн республикалык бюджетке 62 миллион сом киреше төктү. Бул тууралуу 5-мартта аталган мекемеден билдиришти. Былтыр мамлекеттик объекттерди ижарага берүү боюнча фонд менен 2354 макулдашуу түзүлгөнү айтылды.
2015-жылдын март айына карата мекемелерди ижарага берүү боюнча 593 келишим түзүлүп, мекеменин эсебине 8 миллион сом түштү.
2015-жылкы планды ишке ашыруунун негизинде фонд имараттарды ижарага берүүдөн түшчү кирешени көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатканы айтылды.