Дамира Ниязалиева орусча ай аталыштарын колдонуудан бара-бара баш тартуу керектигин айтты

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 5-мартта мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Вице-премьер кеңешме "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү улуттук программасынын" аткарылышын талкуулоого арналганын айтты.    

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин өнүктүрүү демилгесин колдоого алышы керек. Мамлекеттик тилдеги иш өндүрүшүнө өтүү этап-этабы менен ишке ашырылуусу шарт. Мисалы, календардагы ай аталыштары боюнча. Биринчи этапта мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кыргызча ай аталыштарын (ред. бирдин айы, үчтүн айы ж.б.) үйрөнүп чыгууну сунуштайм. Экинчи этапта жазуу иштеринде ай аттарын мамлекеттик жана расмий тилде бирдей колдонуу, үчүнчү этапта жалаң кыргызча ай аталыштарын колдонууга өтүү керек",- деди Ниязалиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан