Нарын. Юстиция башкармалыгы айылдык кеңештердин депутаттарына семинар өткөрдү
Нарын облустук юстиция башкармалыгы 4-мартта Жумгал районунун Чаек айылында айылдык кеңештердин депутаттарына, айыл өкмөт башчыларынын жооптуу катчыларына атайын семинар өткөрдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, депутаттар менен жооптуу катчыларга айылдык кеңештердин токтомдорун каттоо, расмий жарыялоо, Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жана Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы боюнча түшүндүрмө берилди. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамы боюнча маалымат берилди.