Парламенттеги "Республика" фракциясынын 6-мартта өтүүчү жыйыны белгилүү себептерден улам токтотулду. Фракциянын катчылыгы
SUPER.KG порталына:
"Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин өтүнүчү менен жыйын токтотулду. Анткени бул мекеменин маселеси жыйында каралуучу негизги тема болчу",- деп билдирди
. Айта кетсек, фракциянын жыйынында 4 маселе каралмак:
1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин 2012-2014-жылдардагы ишмердүүлүгү.
2. Бишкек-Торугарт унаа жолун оңдоого 15,1 миллион доллар көлөмүндө кошумча каржылоо боюнча кыргыз өлкөсү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору.
3. Айыл жергесинде мобилдик клиникаларды сатып алуу жана иштетүүгө "Фаель Хаир" фонду тарабынан кайрымдуулук салым кошуу боюнча Кыргыз Республикасы жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору.
4. "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору.