Түркияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары 3 медалга ээ болушту. Маалым болгондой, 55 килограммдык салмактагы спортчулар арасында болгон беттеште мекендешибиз Алтынбек Алымбаев 1-орунду алган. Ал эми 60 килограммдык күрөшчүлөр арасындагы таймашта Адилет Маматаев күмүш медалына ээ болсо, 66 килограмм салмактагылар арасындагы күрөштө Улукман Мамытов коло медалга татыктуу болду. Айта кетсек, бул мелдешке 20 мамлекеттен 150 күрөшчү катышты. Кыргызстандын атынан 10 спортчу барган.