Жогорку Кеңештин аппарат башчысынын орун басары: "Парламентте иш кагаздарынын дээрлик 100 пайызы кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө"

Бишкекте 10-11-март күндөрү Жогорку Кеңеш менен Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту биргелешип “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” деген темада илимий-практикалык конференция өткөргөнү жатат. 

Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовдун билдиришинче, бүгүнкү күндө парламенттеги иш кагаздарынын дээрлик 100 пайызы кыргыз тилине өткөрүлдү.

“Жогорку Кеңештин аппаратындагы кызматкерлер үчүн кыргыз тили боюнча атайын курстар уюштурулуп, алардын кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууга шарттар түзүлүүдө. Ошондой эле өкмөт тараптан парламентке жиберилген документтердин көбү да кыргыз тилинде даярдалууда",- дейт Шаболотов.

ЖКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, Шаболотов алдыдагы пландалган иш-чаранын башкы максаты "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткарып, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү тилдин так эрежелерин сактоо экенин айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан