Президент Алмазбек Атамбаев аялдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу 6-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы куттуктоосунда ар бирибизге жашоо тартуулап, үй-бүлөлүк коломтонун сактоочусу болгон энелердин эмгегин, чыдамкайлыгын белгилеп: “Жадыраган жаз күнү сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ооруктагы бүт кыйынчылыкты моюнга алып, өлкөнүн түптөлүшүнө салым кошкон айымдарга ыраазычылык билдирем. Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында сиздерге таазим этем. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалайм! Сиздер бар үчүн биз күчтүүбүз, мыкты болууга аракеттенебиз жана тынчтык, бейпилдик орногон, келечеги кең, өнүккөн өлкө курабыз",- дейт.