"Терминдерди которууда кыйынчылыктар болууда" дейт парламенттин Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы

“Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” деген темада өтүүчү конференциянын алкагында мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери аныкталып, талаш жараткан маселелер илимий жактан такталып, туура чечим кабыл алынат. Антпесе сүйлөм жасоо, термин маселесине келгенде кайсынысы которууга турарын, кайсынысы которулбай турганын аныктоо кыйын болуп, чаржайыттык орун алууда”. 

Мындай пикирди Жогорку Кеңештин аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Жумагүл Карагулова 5-мартта "Парламент" радиосундагы түз эфирде билдирди.  

Карагулова кыргыз тилинин 2008-жылы кабыл алынган эрежелеринде бири-бирине каршы келген сөздөрдүн бар экенин айтып, аларды иретке келтирүү зарылдыгын айтат.

“Мыйзамдын тили так болгондо гана ар бир сөз гана эмес, сүйлөмдөгү үтүр, чекиттин дагы олуттуу мааниси жоголбойт”,- дейт Карагулова. 

Аталган конференция 10-11-март күндөрү өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан