Асылбек Жээнбеков Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков аялдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Эл аралык аялдар күнү менен чын дилимден куттуктайм! 8-Март – жыпар жыттуу жаз, өмүр жыттуу өзгөчө майрам. Ал эми аялзаты ар дайым аалам ажары, үй-бүлө куту болуп келген, боло берет!

Сиздер адам баласына өмүр тартуулаганыңыздар үчүн миң мертебе ыраазычылык айтсак да арзыбас. Бешик ырын ырдап, дүйнөнүн туткасын кармаган энелер бар үчүн жашообуз уланып келет. Элибиздин көөнөргүс каада-салтын, тарыхын сактап, муундан муунга өткөзүүдө аялзатынын эмгеги баа жеткис. Апаларыбыз эзелтен үйдүн өчпөс коломтосу болуу менен бирге эгемен кыргыз мамлекетин курууга опол тоодой салым кошушкан. Биз сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз.

Жаңы саясий багыттын башатында туруп, жалпы адамзат баалуулуктарын күтүү, улуттук салт-санаабызды жандандыруу, өлкө бүтүндүгүн сактоо, анын экономикалык дареметин көтөрүү жөрөлгөлөрүнө жигердүү катышып жаткан айымдарыбыз арбын.

Кадырман энелер, ардактуу эже-карындаштар, дайыма жашообуздун маңызы болуп жүрө бериңиздер! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Алдыга койгон аруу тилек, ой-максатыңар орундалсын. Элибизде биримдик, токчулук, жергебизде тынчтык орносун. Майрамыңыздар менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан