Бүгүн, 6-мартта Бишкектеги Орус маданият жана илим борборунда “Согуш мезгилиндеги аялдар” аттуу фотокөргөзмө ачылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы Орусия кызматташтыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмө 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналат. Анда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы аялдардын жашоосу, алардын Улуу Жеңишке кошкон салымы баяндалган 100дөн ашуун фотолор орун алат.
Иш-чарага Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси А.Крутько катышат.