Биз социалдык тармакта

Өзүн-өзү аткан делген Капаловдун жубайы президентке кайрылды (видео)

Президент Садыр Жапаров сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капаловдун өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө аларын маркумдун жубайына убадалады.

Өлкө башчы Токтулдун эли менен жолугушуп жатканда маркумдун жубайы күйөөсүнүн өлүмү боюнча каралып жаткан иште күмөнү бар экенин билдирди.

"13-мартта кызматтык унаасында жүрөгүнө ок аткан. Мен сизге канчадан бери жете албай жүрдүм. Өзүн атып алды деген маалыматты таркатышып, жаманатты кылышты. Жолдошумду өлтүрүп кетишкенине карабай, анын кадыр-баркына шек келтиришти. Ишти негизсиз эле жаап салышып, эми кайра башынан карап башташты", - деди ал.

ИИМдин өкүлү Капалов өзүнө таандык куралды колдонгонун, учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди. Министрликтин дагы бир өкүлү карызы көбөйүп кеткендиктен ал ишке барышы мүмүн деген версия каралып жатканын айтты. Ал ошондой эле Капалов өлүм алдында эч кимге доосу жоктугун билдирген кат таштаганын кошумчалады.

Эске салсак, Капаловдун сөөгү 13-мартта Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында кызматтык унаасында табылган. Анын акыркы каты да тараган.


Өзүн-өзү аткан делген Капаловдун жубайы президентке кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан