Жогорку Кеңештин 4 айым депутаты Ош шаарындагы активист айымдар менен жолугушту

Парламент депутаттары Айнуру Алтыбаева, Надира Нарматова, Карамат Орозова жана Ыргал Кадыралиева 5-мартта Ош шаарына иш сапары менен барышып, жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары, аялдар кыймылынын лидерлери, жарандык коомдун активисттери менен жолугушту.

Жолугушууда социалдык объектилердин курулушун бүтүрүү, балдарга билим берүү мекемелерине колдоо көрсөтүү, пенсиялар менен жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү өңдүү маселелер көтөрүлдү. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, депутат айымдар парамент менен жергиликтүү кеӊештердеги гендердик принцип катары каралган аялдардын 30 пайыздык катышын камсыз кыла албаган "аялдар квотасы" маселесин да талкуулашты.

Жыйынтыгында парламент депутаттары көтөрүлгөн маселелерди Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, өкмөткө тийиштүү тапшырмаларды берерин убадалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан