Бүгүн, 6-мартта парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында кыргыз жеринде мамлекеттик корпорацияларды түзүү боюнча мыйзам долбоору каралды.
Демилгечи, көз карандысыз бизнес-серепчи, 24 жаштагы Нурсултан Белековдун айтымында, бул долбоор чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду өлкөгө инвестиция салууга кызыктыруу, өлкө экономикасын көтөрүү максатында иштелип чыккан. "Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 152 мамлекеттик ишкана иштейт, ошол эле учурда юстиция түзүмүндө 600дөн ашуун мамлекеттик ишкана катталган. Ишкананын балансындагы мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Бирок мыйзам чегинде бул мүлктү жана ишканалардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Бул маселени чече ала турган варианттардын бири - акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкарууга, бизнести өнүктүрүүгө агенттерди тартуу",- деди Белеков.Фракция лидери Феликс Кулов демилгечинин жашын баса белгилеп: "Белеков 24 жашта. Батыштагы жогорку окуу жайдан билим алган. Мамлекеттик корпорацияларга мындай жаштар керек",- деп билдирди.
Бирок айрым "ар-намысчылар" буга каршы пикирин айтышты. Депутат Анвар Артыков учурдагы энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевди сынга алды. "Мындай коррупционерди мен өмүрүмдө көргөн эмесмин!"- дейт Артыков.
Депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, учурда жаштар билими менен эмес, унаалары менен мактанышат. "Ишкананы башкарууга жаш болбосо да тажрыйбалуу адамдар керек",- деп түшүндүрдү Рыспаев.
Жыйынтыгында фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү демилгени колдошту.
Эскерте кетсек, "ар-намысчылар" өкмөттүн жаңы түзүмүнө мамлекеттик корпорациялар деген орган кошууну сунушташууда.