Мамлекет башчы фонддун өкүлүнө ЮНИСЕФтин балдардын укуктарын коргоого багытталган өлкөдөгү долбоорлорун натыйжалуу ишке ашырып жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, балдардын ден соолугун коргоо боюнча биргелешкен иштердин маанисин белгиледи.
Юки Мокуо азыркы учурда кыргыз өлкөсүндө балдарды коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн жакшы шарттар бар экендигин белгиледи.
Алмазбек Атамбаев балдар өзгөчө камкордукка алынып, алар мамлекеттин, коомдун жана үй-бүлөнүн коргоосунда болууга тийиш экендигин билдирип, өлкөдө балдардын абалын жакшыртуу үчүн мындан ары да фонд менен биргелешкен иштерди жүргүзүүгө ишенерин билдирди.