Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон 5 миң кыргыз жоокеринин 325и табылып, өздүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында жарандык активист Каныбек Мырзаканов билдирди. Анын айтымында, кыргыз жеринин жоокерлери кандуу 1941-1945-жылдары көбүнчө Орусиянын, Беларустун, Украинанын, Польшанын, Венгриянын, Румыниянын, Германиянын талааларында дайынсыз жоголушкан.
“Азыр убакыттын өтүшү менен жарандык активисттер өздөрүнүн болгон мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ата-бабаларын издөө менен алек. “Жеңиштин аттары” аттуу акциянын алкагында азыркы тапта 325 жоокердин сөөктөрү табылып, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди. Тилекке каршы, бизде каржы маселеси өтө курч туруп жатат. Биз бийликке кайрылат элек, Ата Мекенди коргогон бабаларыбыз 70 жыл өтсө дагы табыла элек. А каржы маселесин көтөрө келгенде, "силер демөөрчү таап, өз билгениңерди кылгыла" дегениңер жакшы эмес”,- деп билдирди.
“Биз Улуу Жеңиштин жоокерлерин издөөнү бир гана 9-Майга карата эстебешибиз керек. Бул жылдын 365 күнү бою талкууланчу маселе, муну унутпайлы”,- деп кошумчалады жарандык активист.