Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы Республикалык «Кыргыз тили» коомунун 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.
Жылдыз Таалайбек кызы куттуктоо сөзүндө кыргыз тилинин тагдыры ар бир жарандын жана жалпы улуттун жоопкерчилиги экенин белгиледи.
Ошондой эле ал Жогорку Кеңеш мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүүгө жана кыргыз тилинин коомдук турмуштагы ордун бекемдөөгө багытталган мыйзамдык иштерди улантып жатканын кошумчалады.