Башкортостан Республикасынын кыргыз жериндеги Маданият жана илим күндөрүнүн алкагында К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында аталган окуу жай менен З.Исмагилов атындагы Уфа мамлекеттик искусство академиясынын ректорлору кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Азем эки окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, студенттери тарабынан даярдалган концерт менен коштолду.
Маалым болгондой, макулдашууга ылайык, Башкортостан жана кыргыз жергесинин студенттеринин, окутуучуларынын арасында тажрыйба алмашуу, өнөр тартуулоо иш-чаралары уюштурулат.